Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКТЕГИ ЧОГУЛУШТУН III СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 21-апрели № 3/5
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) менен Жашыл климаттык фонддун каржылоосу менен ишке ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасындагы токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин секвестрациясы (CS-FOR)» долбоорунун алкагында, АРИСтин техникалык колдоосу менен айыл өкмөттөрү, ландшафты башкаруу коомдук топтору жана муниципалдык ишканалар тарабынан жайыттардын абалын жакшыртууга, көмүртектин секвестрациясын көбөйтүүгө, долбоордун максаттарына жана милдеттерине жетүүгө багытталган чакан долбоордук сунуштамаларды баалоо жана артыкчылык берүү жөнүндө
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кара-Бүргөн айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат:
1. Кара-Бургөн айыл аймагында токойлордун жана жайыттардын абалын жакшыртуу, көмүртектин сиңимдүүлүгүн жогорулатуу, инфраструктураны жакшыртуу жана калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында «Кыргыз Республикасындагы токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин секвестрациясы (CS-FOR)» долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан чакан долбоордук сунуштамалар төмөнкүдөй артыкчылык баалоо тартиби менен бекитилсин:
1) Кара-Бүргөн айыл аймагындагы Ала-Сагызган участкасындагы деградацияланган жайыттарды жана айыл чарба жерлерин калыбына келтирүү, туруктуу сактоо жана көмүртекти секвестрациялоону жогорулатуу максатында мал тосуучу тосмо, жеңил конструкциядагы чарбалык үй жана ат байлоочу навес куруу долбоору
2) Кара-Бүргөн айыл аймагындагы Кайракы участкасында бузулган жайыттарды оңдоо максатында мал суу ичүүчү каптаж куруу аркылуу экосистемаларды калыбына келтирүү жана көмүртек секвестрациясын жогорулатуу долбоору
3) Кара-Бүргөн айыл аймагындагы Жан-Чукур участкасында бузулган жайыттарды оңдоо максатында, мал суу ичүүчү каптаж куруу аркылуу экосистемаларды калыбына келтирүү жана көмүртекти секвестрациялоону жогорулатуу долбоору
4) Кара-Бүргөн айыл аймагындагы Ак-Чий айылынын Майстан жайлосундагы Сасык-Булак участкасындагы деградацияланган жайыттарды калыбына келтирүү жана мал сугаруучу каптаж уюштуруу үчүн суу булагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тосмолорду орнотуу долбоору
5) Кара-Бүргөн айыл аймагындагы Ак-Чий айылынын Туура-Суу жайлоосундагы “Бел” участкасына (Баетов айылы менен чектеш жерди ) тосмо орнотуу, бузулган жайыттарды тосмолор менен тосуу аркылуу экосистемаларды калыбына келтирүү жана көмүртекти секвестрациялоону жогорулатуу долбоору
6) Кара-Бүргөн айыл аймагындагы Ак-Чий айылынын Кайырма жайлоосундагы Шор-Булак участкасындагы деградацияланган жайыттарды оңдоо максатында, жашылдандыруу, тосмолорду орнотуу жана мал сугаруучу каптаж уюштуруудолбоору
2.Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
3.Токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Кемелов |