Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКТЕГИ ЧОГУЛУШТУН III СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 21-апрели № 3/6
«CAMP Алатоо» коомдук фондунун көрсөтмөсүнүн негизинде Кара-Бүргөн айыл аймагындагы жайыттарды пайдалануунун 2026-жылга карата планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы №301 токтомуна ылайык, ошондой эле жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу, жайыттардын деградациясын алдын алуу, мал чарбачылыгын өнүктүрүү жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында, «CAMP Алатоо» коомдук фондунун жайыттарды туруктуу башкаруу боюнча көрсөтмөлөрүнүн жана сунуштарынын негизинде Кара-Бүргөн айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат:
1.Кара-Бүргөн айыл аймагынын жайыттарды пайдалануунун 2026-жылга карата планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө төмөндөгүлөр милдеттендирилсин:
-жайыттарды пайдалануу планын аткаруу боюнча тиешелүү уюштуруу иштерин жүргүзүү;
-жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү жана анын жыйынтыгы боюнча маалыматтарды айылдык кеңешке берип туруу;
-жайыттарды мыйзамсыз пайдаланууга жол бербөө боюнча көзөмөлдү күчөтүү;
-жайыт пайдалануучулар арасында түшүндүрүү иштерин уюштуруу милдеттендирилсин.
-жайыттарды пайдалануу маршруттарын жана мөөнөттөрүн тактоо;
-малдын жайытка болгон жүктөмүн эсепке алуу;
-жайыт пайдалануучулар менен өз ара кызматташууну күчөтүү;
3. «CAMP Алатоо» коомдук фонду тарабынан сунушталган туруктуу жайыт башкаруу боюнча усулдук көрсөтмөлөрдү жана тажрыйбаларды колдонуу сунушталсын.
4. Токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | Б. Кемелов |
Бекитилди
Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеңешинин 3-сессиясынын №3/6 токтому менен 21-апрель 2026-жыл
_______________________
Кыргыз Республикасы Нарын областы
Ак-Талаа району Кара-Бүргөн айыл аймагы
ЖАЙЫТТАРДЫ ПАЙДАЛАНУУНУН 2026-ЖЫЛГА КАРАТА ПЛАНЫ
Кара-Бүргөн 2026
МАЗМУНУ
1. ЖАЙЫТТЫ ПАЙДАЛАНУУ ПЛАНЫ 3
1.1. Жайыттарды пайдалануу мезгили 4
1.2. Жайыттын абалына мониторинг жана баалоо жүргүзүү чаралары 4
1.3. 2026 жылга карата шарттуу мал башынын иш жүзүндөгү саны 5
1.4. Жайыттарды пайдалануунун учурдагы жана пландалган системасы 7
2. ЖАЙЫТТАРДЫ, ЖАЙЫТ ИНФРАСТУКТУРАСЫН ЖАНА МАЛ ЧАРБАСЫН ЖАКШЫРТУУ ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ИШ АРАКЕТТЕРДИН ПЛАНЫ 14
2.1. Жайыттарды, жайыт инфраструктурасын жана мал чарбасын жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнча иш аракеттердин планы 14
2.2. Жайыттарды пайдалануу планынын финансылык бөлүгү 14
2.3. Жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планынын аткарылышына мониторинг жана баалоо 16
3. ЖАЙЫТТАРДЫ ПАЙДАЛАНУУ РЕЖИМИ ЖАНА БУЗУУ ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИК 18
3.1. Ички эрежелери 18
3.2. Мал жаюу эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик 18
План Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамына жана башка нормативдик укуктук актыларга негизделип Кара-Бүргөн АА учун иштелип чыкты.
Пландын максаты:жайыттын абалын жакшыртуу; жайкы жана алыскы жайыттарга барууну жогорулатуу; кышкы тоюту жана ветеринардык алдын алуу иш-аракеттерди өнүктүрүү менен малдын ооруларын азайтуу; сүт саап алууга жана малдын салмагын жогорулатууга, өз кезегинде мал чарбасынын өнүгүшүнө, коомчулуктун мүчөлөрүнүн кирешелерин жогорулатууга, жакырчылыкты кыскартууга, климаттын өзгөргөн шартында жайыт пайдалануучулардын таламдарын коргоого шарт түзөт.
Табл. 1
Айыл өкмөтүнүн иш аракеттеринин графиги
№ | Иш-чаралар | Айлар | Жооптуулар | ||||||||||||||||||||||
I | II | III | IV | V | VI | VII | VIII | IX | X | XI | XII |
| |||||||||||||
1 | Жергиликтүү коомдоштуктун жылдык чогулушу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| МИ/Айыл өкмөтү | |||||||||||
2 | А/А малды саноо |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Айыл өкмөтү | |||||||||||
3 | Сезон боюнча жайылып жүргөн малдын санын тактоо |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| МИнын жайыт боюнча адиси | |||||||||||
4 | Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планын иштеп чыгуу, жергиликтүү жамааттын чогулушунда талкуулоо, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгында макулдашуу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| МИ | |||||||||||
5 | Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарын жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| МИ | |||||||||||
6 | Жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүү, жайыт билеттерин берүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| МИ | |||||||||||
7 | Жайыт участоктордун абалына мониторинг жана баалоо жүргүзүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| МИнын жайыт боюнча адиси | |||||||||||
8 | Ветеринардык алдын ала иш чаралардын аткарылышына көзөмөл |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Айыл өкмөтү, Вет. Адис | |||||||||||
9 | Жайыт инфраструктурасын жакшыртуу иш чаралары |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| МИ | |||||||||||
10 | Малды көчүрүүнү уюштуруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| МИнын жайыт боюнча адиси | |||||||||||
11 | Жайыт жыйымдарын чогултуу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| МИ | |||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|