Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 06-августу №9-1
Көк-Жар айыл өкмөтүнө «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ачык акционердик коомунан кызматтык автоунаа алуу жөнүндө
Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнө «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ачык акционердик коому тарабынан кызматтык «Шевроле-треккер» автоунаасын лизинг аркылуу алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-октябрындагы №123-мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 5-пунктчасына ылайык, Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнө «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ачык акционердик коому тарабынан лизингке кызматтык «Шевроле-треккер» автоунаасы алынсын.
2. Алынган автоунааны лизингдин бүткүл мезгилине камсыздандыруусу жана лизингке алынган техниканын өз эсебинен башка чыгышалардан акча каражаты каралсын.
3. Кызматтык автоунаанын төлөмдөрү 5 жыл аралыгында төлөө жагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен төлөнүп берилсин.
4. «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ачык акционердик коому менен лизинг келишимине жана келишимден келип чыгуучу башка документтерге кол коюу укугу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шамуратовго жүктөлсүн.
5. Ушул токтом Көк-Жар айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
6. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Р. Арапов |