Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМ
2025-жылдын 06-августу №9-2
Материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Сарыкаңды айылынын тургуну Г.Орозалиеванын уулунун ден-соолугу начар болгондугуна байланыштуу, Найман айылынын тургуну А.Абдраимовдун үйүнө сел кирип, калыбына келтирүүгө дарамети жетпегендигине байланыштуу, Көк-Жар айылынын тургуну Ү.Оромонованын көзүнүн операциясына жана Сарыкаңды айылынын тургуну Хасанов Орозбек Рахмоналиевичтин Бишкек шаарындагы операциясына акча каражатын бөлүп берүү максатында, Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сарыкаңды айылынын тургуну Г.Орозалиеванын арызына негиз 20 000 (жыйырма миң) сом, Найман айылынын тургуну А.Абдраимовдун арызына негиз 7000 (жети миң) сом, Көк-Жар айылынын тургуну Ү.Оромонованын арызына негиз 20000 (жыйырма мин) сом, Хасанов Орозбек Рахмоналиевичтин арызына негиз 10000 (он миң) сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Көк-Жар айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кенешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |