Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКСИЗ XV СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 27-февралы № 15/2
Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн бош калган
каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Ормон-Хан айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясынын Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн бош калган каражаттарын бөлүштүрүү боюнча сунушун карап, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн 2026- жылдын 1-январына карата 19821318 (он тогуз миллион сегиз жүз жыйырма бир миң үч жүз он сегиз ) сом 61 тыйын бош калган каражаты төмөндөгүдөй тармактарга бөлүштүрүлсүн:
статья | Башкаруу аппараты | сумма |
2111 | Эмгек акы үчүн | 2518162 |
2121 | Пенсионный фондго | 523700 |
3141 | Жер сатып алууга | 10000000 |
3111 | Ормон-Хан паркка УПМ орноту | 2300000 |
3111 | Тендик айылындагы арыктарды ондоого | 134000 |
3111 | Ормон-Хан паркка воркаут орноту | 2000000 |
3111 | Кочкор айылынын Бейшеев көчөсү, № 174/4 мини футбол аянтчасы куруу | 310509 |
3111 | Кочкор айылынын Бейшеев көчөсүнө балдар аянтчасын куруу | 473947 |
3111 | Б.Исакеев айылындагы футболдук аянтчасын куруу | 500000 |
статья | Билим берүү тармагына | сумма |
3111 | С.Орозбаков мектебинин алдын брусчаткалоо | 550000 |
3111 | К.Бай уулу мектептин дааратканасын куруу | 511000 |
| Баардык сумма: | 19821318,61 |
2. Бул токтомдун аткарылышын, ушул токтомдо каралгандардын чыгымдалышына көзөмөл кылуу Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Абдылдаев Талантбек Шүкүрбековичке милдеттендирилсин.
Төрага | Р.Жолдошбеков |