Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМ
2025-жылдын 06-августу №9-3
Нарай айылындагы «Жаш Жеткинчек» мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесине кошумча тайпа ачууга макулдук берүү тууралуу
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 7-июлундагы №234 сандуу катына негиз, Ж.Алоудинов атындагы «Жаш Жеткинчек» мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесине электрондук кезеккке турган балдардын саны көп болгондугуна байланыштуу кошумча 1 (бир) тайпа ачууга макулдук берүү максатында, Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн кайрылуусу эске алынсын.
2. Ж.Алоудинов атындагы «Жаш Жеткинчек» мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесине кошумча 1 (бир) тайпа ачууга макулдук берилсин.
3. Ушул токтом Көк-Жар айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Р. Арапов |