Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКСИЗ XV СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 27-февралы № 15/3
Бала бакчалардын атайын эсебиндеги бош калган
каражаты жөнүндө
Ормон-Хан айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясынын Ормон-Хан айыл аймагындагы бала бакчалардын атайын эсебиндеги бош калган каражатын бөлүштүрү боюнча сунушун карап, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Бала бакчалардын атайын эсебиндеги 2026-жылдын 1-январына бош калган сумма 395047 (үч жүз токсон беш миң кырк жети ) сом 65 тыйын акча каражаты бала бакчалардын тамак аш менен камсыз кылуу чыгымы үчүн бөлүнсүн.
№ | Аталышы | суммасы |
2218 | Тамак-ашка | 395047,65 |
| Баардыгы | 395047,65 |
2. Бул токтомдун аткарылышын, ушул токтомдо каралгандардын чыгымдалышына көзөмөл кылуу Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Абдылдаев Талантбек Шүкүрбековичке милдеттендирилсин.
Төрага | Р.Жолдошбеков |