Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2026-жылдын 16-марты №2/1
“Т.Балтагулов айыл аймагынын 2026-2029-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасына (СЭӨПко) толуктоолорду киргизүү жана Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоордун алкагында каржылоого сунушталган чакан долбоор жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына, Коомдоштуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоордун талаптарына ылайык, жумушчу топтун 2026-жылдын 27-февралындагы №3 протоколуна жана коомдук угуунун жыйынтыгына таянып, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Т.Балтагулов айыл аймагынын курамына кирген айылдарда Жумушчу топ тарабынан өткөрүлгөн фокус топтук талкуулоонун жана айылдарда онлайн аркылуу талкуулоо жана добуш берүүнүн жыйынтыгында аныкталган көйгөйлөр жана сунуштар талкууланып жумушчу топтун протоколундагы тизме боюнча айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын тийиштүү бөлүмдөрүнө тиркемеге ылайык толуктоолор киргизилсин.
2.Коомдоштуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоорунун (НПИС) алкагында каржылоо үчүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын иш-аракеттер планына ылайык төмөнкү чакан долбоор сунушталсын:
3.Социалдык инфраструктуралык чакан долбоордун аталышы:3.1 Сафед-Булан айылына 50 орунду балдар бакчасынын жаңы имаратын куруу.
4.Экономикалык багыттын аталышы:
4.1Ак-Там айылына логистикалык мөмө-жемиш терди (кара өрүк, алма, өрүк) сактоочу жана кайра иштетүүчү ишкана куруу.
5.Айыл өкмөтүнө төмөнкүлөр милдеттендирилсин:
5.1Социалдык инфраструктуралык чакан долбоор боюнча зарыл болгон документтердин топтому даярдалып, АРИСке жөнөтүлсүн.
5.2. Долбоор тарабынан бөлүнө турган акча каражаты жетпей калган учурда, жергиликтүү бюджеттен кош каржылоо камсыз кылынсын.
5.3. Чакан долбоорду ишке ашырууда ачык-айкындуулук жана коомчулукту маалымдоо камсыз кылынсын.
6.Ушул токтом айыл өкмөттүн “alabuka.kg” веб-сайтында жарыялансын.
7.Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчөрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
8.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартип күчүнө кирет.
9.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Хамракулов |