Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКСИЗ XV СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 27-февралы № 15/4
“Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу”
жана «Ормон-Хан айыл аймагынын тармактык наамдарды ыйгаруу жана Ардак Грамотасы менен сыйлоо тууралуу” Жоболор жөнүндө
“Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу” жана «Ормон-Хан айыл аймагынын тармактык наамдарды ыйгаруу жана Ардак Грамотасы менен сыйлоо тууралуу” Жоболорго толуктоо жана өзгөртүү туралуу маалыматты угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.“Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу” Жобо №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.«Ормон-Хан айыл аймагынын тармактык наамдарды ыйгаруу жана Ардак Грамотасы менен сыйлоо тууралуу” Жобо №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Р.Жолдошбеков |
Ормон-Хан айылдык кенешинин 27.02.2026-жылдагы №15/4 Токтомуна №1 тиркеме
Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу
Жобо
I.Жалпы жоболор
1.1 “Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын берүү тартиби жөнүндө Жобо “Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын берүүнүн тартибин аныктайт.
1.2 “Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу төмөнкү жол-жоболордун тутумун камтыйт:
-наамды ыйгаруунун шарттары
-талапкерлерге коюлуучу талаптар
-талапкерлерди сунуштоо тартиби
“Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамынын ээсине берилүүчү өзгөчө укуктар
1.3 “Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын эн жогорку наамы болуп саналат.
II. “Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун шарттары
2.1 «Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамына талапкерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, айылдык мекеме-ишканалардын эмгек жамааттары, коомдук-саясий уюмдар сунуштайт.
2.2 “Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамына сунушталган талапкерлердин документтери айылдык Кеңеш тарабынан кабыл алынып, аны айылдык кеңештин “Регламент, депутаттык этика, мандат, укук жана мыйзамдуулук” боюнча түзүлгөн туруктуу комиссиясынын кароосуна жөнөтөт.
2.3 Айылдык Кенештин алдындагы ”Регламент, депутаттык этика мандат, укук жана мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясы өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын укуктук мыйзамдарынын жана ушул жобонун негизинде жүргүзүп, “Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамына ушул жобонун 3/2 бөлүгүнө жооп берген талапкерлерди айылдык кеңештин сессиясына сунуштайт. Ардактуу атуулу наамын депутаттардын макулдугу жана ачык добуш берүү менен жүргүзүлөт.
2.4 “Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу айылдык кеңештин сессиясындагы депутаттардын кароосуна коюлуп, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушуна ээ болгондон кийин, “Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы берилет.
2.5 Ормон-Хан айылдык кеңештин сессиясында, “ Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамына өтпөй калган талапкер учурдагы чакырылыштагы депутаттардын кароосуна кайра сунушталбайт.
2.6 “ Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы жылына эки жолу, 21-март Нооруз жаз майрамына карата 10 адамга (бир айылдан бир адам, Кочкор айылынан эки адам) жана 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата 10 адамга (бир айылдан бир адам, Кочкор айылынан эки адам), Айылдык кенешке 2 жолу катары менен депутат болуп шайланган 2 адамга, жалпы жылына 24 адамга чейин ыйгаруулуга тийиш жана Ормон-Хан айылдык кеңешинин төрагасына өзгөчө учур катары 5 адамга аталган наамды ыйгарууга укук берилет.
2.7 “Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу” күбөлүгү айылдык кеңештин төрагасы тарабынан күбөлөндүрүлөт.
Ормон-Хан айылдык кенешинин 27.02.2026-жылдагы №15/4 Токтомуна №1 тиркеме
III. “ Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүлгөндөргө коюлуучу талаптар
3.1 “ Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы Ормон-Хан айыл аймагында 15 жылдан кем эмес жашап жана иштеген, айыл үчүн өзгөчө эмгек синирген жергиликтүү жааматтын мүчөсү, тиешелүү тармакта үзүрлүү ишмердүүлүгү үчүн сыйлоого татыктуу болгон жаран алышы мүмкүн.
3.2 “ Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы, бүтүндөй айылдын экономикалык-социалдык, маданий жана коомдук турмушуна өзгөчө салым кошкон атуулга ыйгарылат:
-Мурдагы СССРдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары Ормон-Хан айыл аймагынын айылдарынын өнүгүсүнө салым кошкондорго;
-өзүнүн иштеген милдеттерин жана эл тарабынан жүктөлгөн милдеттерин аткарууда жогорку жоопкерчилик менен мамиле жазагандарга;
-өсүп келе жаткан муундарды окутууда жана тарбиялоодо өзгөчө натыйжаларга жетишкендерге;
-спорт тармагында өзгөчө натыйжага жетишен спортсмендерге жана тренерлерге;
-калктын саламаттыгын сактоо тармагында көп жыл эмгектенип, өзгөчө натыйжаларды камсыз кылгандарга;
-коомдук тартипти чындоодо өзүнүн жеке катышуусу менен өзгөчө салымын кошкондорго;
-айылдын коомдук-маданий жана элдик чыгармачылыкты өнүктүрүүгө өзгөчө жеке салымын кошкондорго;
-жогоруда саналган көрсөткүчтөр менен катар жергиликтүү коомдук пайдалуу эмгекте активдүү катышууда жана кайрымдуулук иштеринде өзүн көрсөткөн, жеке жана үй-бүлөөдө, үйдө жана чарбачылыкты үлгү болоорлук денгээлде күтө билген, жүрүш-турушу менен таанылган, коомго зарыл болгон өзгөчө тейлөөдө кызматтарын көрсөткөндөргө;
-сот жообуна тартылбаган жана соттуулудугу алынган атуулдардарга;
-Айылдык кенешке 2 жолу катары менен депутат болуп шайлангандардарга.
3.3 Айылдык кенештин чечими менен “ Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы жашына жана стажына карабастан эмгектеги коомдук турмуштагы өзгөчө каармандык иштери үчүн жергиликтүү жааматтардын мүчөлөрүнө, ошондой эле айылдын экономикасын, маданиятын, социалдык турмушун өнүктүрүүдө жана жаштарды тарбиялоодо өзгөчө эмгек синирип, ардактуу эс алууга чыккан ардагерлерге берилиши мүмкүн.
3.4 Айылга керектүү социалдык курулуштарды куруп жана жумушчу орундарын түзгөн, эл керектөөчү товарларды чыгарган, чет элдик инвестицияларды тартып, айылдын социалдык-экономикалдык өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошкон жеке ишкерлерге, бизнесмендерге, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнө берилиши мүмкүн.
3.5 “Ормон-Хан айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы айыл аймагында төрөлүп, Кыргызстандын атуулу болгон, жүйолүү себептер менен айыл аймагынан сыткары жерде жашап, бирок айыл аймактын социалдык-экономикалык, маданий жактан өнүгүшүнө жеке өзүнүн көрүнүктүү салымын кошкон инсандарга берүүгө болот.
3.6 Төмөндөгү наамдары бар инсандарга артыкчылык берилет:
- Ата Мекендик согуштун ардагерлерине
- Интернационалдык милдеттерди (Афганчылар,Чернобычылар) аткарып сыйлыкка ээ болгондорго;