Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМ
2025-жылдын 06-августу №9-4
Жийде айылынын тургуну К.Сарыкуловдун арызы тууралуу
Жийде айылынын тургуну К.Сарыкуловдун арызына негиз, Ак-Өтөк участкасында жайкашкан К.Сарыкуловдун жеке менчигиндеги жер аянтына демөөрчүлүк менен медресе багытында курулган имараттын багытын мектепке чейинки билим берүү мекеме багытына өзгөртүү жана Көк-Жар айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу максатында, Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жийде айылынын тургуну К.Сарыкуловдун арызы эске алынсын.
2. Жийде айылынын Ак-Өтөк участкасында жайгашкан мечиттин жанындагы 4 бөлмөлүү медресенин багытын мектепке чейинки билим берүү мекеме багытына өзгөртүүгө жана Көк-Жар айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.
3. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына жана жер маселелери боюнча адисине жүктөлсүн.
4. Ушул токтом Көк-Жар айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, билим берүү, ишкердүүлүк жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |