Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМ
2025-жылдын 06-августу №9-5
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 19-июнундагы №213 сандуу катын кароо жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 19-июнундагы №213 сандуу катына ылайык, Ош-Раззаков унаа жолунун түштүк тарабындагы таштуу жайыт 0,13 жер аянтына Алашан айылынын тургуну Жусупов Медетбектин арызына негиз, «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жана башкалардын жерлери» категориясына которууга жана женил типтеги элге кызмат көрсөтүүчү ишкана курууга макулдук берүү максатында, жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ош-Раззаков унаа жолунун түштүк тарабындагы таштуу жайыт 0,13 жер аянтына Алашан айылынын тургуну Жусупов Медетбектин арызына негиз, «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жана башкалардын жерлери» категориясына которууга жана женил типтеги элге кызмат көрсөтүүчү ишкана курууга макулдук берилсин.
2. Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер маселелери боюнча адисине жүктөлсүн.
3. Ушул токтом Көк-Жар айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |