Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКСИЗ XV СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 27-февралы № 15/6
Автобекеттин ички аймагына автоунааларды токтотуу үчүн
акы өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кочкор айылынын автобекетинин ички аймагына автоунааларды токтотуу үчүн акы өлчөмүн бекитип берүү туралуу «Кочкор-Багыты-Автобекет» муниципалдык ишкананын сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Кочкор айылынын автобекетинин ички аймагына автоунааларды токтотуу үчүн акы өлчөмү 20 (жыйырма) сом менен бекитилсин.
2. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы «Кочкор-Багыты-Автобекет» МИ жетекчисине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р.Жолдошбеков |