Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМ
2025-жылдын 06-сентябры №10-1
Борбаш айылындагы билим берүү мекемеси багытында курулган имаратты мектепке чейинки билим берүү мекемеси катары пайдалануу жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын 2025-жылдын 7-августундагы №276 сандуу катына негиз, Көк-Жар айыл аймагынын Борбаш айылына “Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан курулган билим берүү мекемесин мектепке чейинки билим берүү мекемеси катары пайдаланууга берүү максатында, Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын 2025-жылдын 7-августундагы №276 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Борбаш айылындагы билим берүү комплексин мектепке чейинки билим берүү мекемеси катары пайдаланууга макулдук берилсин.
3. Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шамуратовго жүктөлсүн.
4. Ушул токтом Көк-Жар айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |