Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКСИЗ XV СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 27-февралы № 15/7
Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебине өздүк салым катары акча каражат бөлүү жөнүндө
Кочкор районунун өнүктүрүү фондуна даярдалган, Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебине керектүү жабдууларды жана от казан алуу,жалпы наркы 1 265 000 сомдук долбоорго айыл аймагынын бюджетинен өздүк салым катары 379 500 сомду бөлүү туралуу Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын маалыматтын угуп, талкуулап,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Кочкор районунун өнүктүрүү фондуна даярдалган Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебине керектүү жабдууларды жана от казан алуу,жалпы наркы 1 265 000 сомдук долбоор жактырылсын.
2.Кочкор районунун өнүктүрүү фондуна даярдалган, Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебине керектүү жабдууларды жана от казан алуу,жалпы наркы 1 265 000 сомдук долбоорго айыл аймагынын бюджетинен өздүк салым катары 379 500 сом (үч жүз жетимиш тогуз мин беш жүз) сом бөлүнсүн.
3. Тиешелүү мыйзамдардын негизинде акча каражатын которуп берүү жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р.Жолдошбеков |