Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКСИЗ XV СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 27-февралы № 15/8
А.Бостонов атындагы орто мектебине өздүк салым катары
акча каражат бөлүү жөнүндө
Кочкор районунун өнүктүрүү фондуна даярдалган, А.Бостонов атындагы орто мектебине керектүү жабдууларды алуу,жалпы наркы 500 000 сомдук долбоорго айыл аймагынын бюджетинен өздүк салым катары 100 000 сомду бөлүү туралуу Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын маалыматтын угуп, талкуулап,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Кочкор районунун өнүктүрүү фондуна даярдалган А.Бостонов атындагы орто мектебине керектүү жабдууларды алуу,жалпы наркы 500 000 сомдук долбоор жактырылсын.
2.Кочкор районунун өнүктүрүү фондуна даярдалган, А.Бостонов атындагы орто мектебине керектүү жабдууларды алуу,жалпы наркы 500 000 сомдук долбоорго айыл аймагынын бюджетинен өздүк салым катары 100 000 (бир жүз мин) сом бөлүнсүн.
3. Тиешелүү мыйзамдардын негизинде акча каражатын которуп берүү жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р.Жолдошбеков |