Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМ
2025-жылдын 02-сентябры №10-2
Ноокат аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө
Ноокат аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү маселесин карап чыгып, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ноокат аймактык жана шайлоо комиссияларынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси бекитилсин.
2. Көк-Жар айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси бекитилсин.
3. Токтом Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом Көк-Жар айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук, тарбия, тартип, этика, дин иштери, үрп-адаттар, каада-салттар жана үй-бүлөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Р. Арапов |