Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКСИЗ XV СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 27-февралы № 15/11
«Тогуз -Булак» мал базарда малдан жана унаадан алынуучу тарифтерди бекитүү жөнүндө
«Тогуз-Булак» мал базарда малдан жана унаадан алынуучу тарифтерди бекитүү туралуу «Тогуз-Булак соода-транспорттук логистикалык комплекс» муниципалдык ишканасынын директорунун сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Мал базарда мал ээлеринен, соода кылгандардан, унаалардан алынып жаткан акча каражаттарынын өлчөмү төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
Кой, эчки-20 сом бир башка
Торпок, уй, жылкы, тай-40 сом бир башка
Жүк ташуучу авто унаа-100 сом бир унаа
Женил авто унаа-30 сом бир унаа
Малды түшүрбөй кой эчки саткан жайга кирген жүк ташуучу авто унаа-500 сом бир унаа
Малды түшүрбөй кой эчки саткан жайга кирген женил авто унаа-200 сом бир унаа
Соода орундар үчүн (жайма базар)-150 сом бир орунга
Даараткана- 10 сом
2.Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы «Тогуз Булак» мал базардын директоруна милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р.Жолдошбеков |