Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМ
2025-жылдын 02-сентябры №10-3
«Альфа телеком» жабык акционердик коомунун арызы тууралуу
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 26-августундагы №251 сандуу катына негиз, «Альфа телеком» жабык акционердик коомунуна убактылуу пайдаланууга жер тилкесин ажыратып берүү максатында, Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жараштылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн автоунаа токтотуучу аянтынын түштүк-чыгыш тарабынан 16 чарчы метр жер тилкесин көрсөтүп берүү жана тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
2. Ушул токтом Көк-Жар айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жараштылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Р. Арапов |