Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКСИЗ XV СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 27-февралы № 15/12
Мурдагы автомектебин айыл аймагынын балансына өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө
Ормон-Хан айыл аймагынын Кочкор айылынын Орозбаков көчөсүнүн №165 дарегинде жайгашкан жалпы 936,0 чарчы метрди түзгөн жер аянты менен бирге жалпы пайдалануу аянты 314,62 чарчы метрди түзгөн мурдагы автомектептин имаратын айыл өкмөттүн балансына өткөрүп алуу туралуу айыл өкмөтүнүн сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кочкор айылынын Орозбаков көчөсүнүн №165 дарегинде жайгашкан жалпы 936,0 чарчы метрди түзгөн жер аянты менен бирге жалпы пайдалануу аянты 314,62 чарчы метрди түзгөн мурдагы автомектептин имаратын Ормон-Хан айыл аймагынын балансынаөткөрүп алууга макулдук берилсин.
2.Токтомду аткарууга алуу жана аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р.Жолдошбеков |