Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМ
2025-жылдын 02-сентябры №10-4
Материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Он Эки Мойнок айылынын тургуну Кеңешбек уулу Максаттын уулунун ден-соолугу начар болуп, ак кан ооруусу менен ооругандыгына байланыштуу, дарылануусуна материалдык жардам көрсөтүү максатында, Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Он Эки Мойнок айылынын тургуну Кеңешбек уулу Максаттын уулунун ден-соолугу начар болуп, ак кан ооруусу менен ооругандыгына байланыштуу, дарылануусуна материалдык жардам көрсөтүү максатында, жергиликтүү бюджеттен 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражатын которуп берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3.Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кенешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |