Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМ
2025-жылдын 02-сентябры №10-5
Көк-Жар айыл өкмөтүнөн келген кайрылууларды кароо жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнөн келген кайрылууларга негиз, Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-сентябрындагы №265 сандуу катына негиз, “Арууке Пери” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин күйүп калган суу айлантуучу мотору 2025-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык үчүн бөлүнгөн акча каражатынан каржылансын.
2.Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 26-августундагы №252 сандуу катына негиз, “Ак Шоола-Сарыканды ” мектепке чейинки билим берүү мекемесине түтүн чыгуучу түтүгүн жана от жагылуучу казанга вентилятор сатып алуу 2025-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык үчүн бөлүнгөн акча каражатынан каржылансын.
3.Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 29-августундагы №257 сандуу катына негиз, Нарай орто мектебине керектелүүчү каражаттар 2025-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык үчүн бөлүнгөн акча каражатынан каржылансын.
4.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шамуратовго жүктөлсүн.
5.Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттикмреестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6.Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |