Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XXVII СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 9-июну № 1
Макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө”, ”Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламентин жектекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы, экономика жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
1.Нарын дарыясы аркылуу өтүүчү жалпы наркы 183 443 000 (бир жүз сексен үч миллион төрт жүз кырк үч миң) сомду түзгөн транспорттук көпүрөнүн долбоорун Нарын облустук “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондунун кароосуна сунуштоого жана долбоор өткөндөн кийин Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 20 000 (жыйырма миң) сом өздүк салым карап берүүгө макулдук берилсин.
(тиркеме тиркелет).
2.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык мэриясынажүктөлсүн.
Төрага | Э. Рысбек уулу |
Нарын облустук “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна Нарын шаардык мэриясы тарабынан Нарын дарыясы аркылуу өтүүчү транспорттук көпүрөнүн долбоору
№ | Долбоордун аталышы | Көпүрөнүн долбоорунун сүрөттөлүшү | Жалпы наркы | “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондунан суралган сумма | Жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым 0,1 % | |
1 | Нарын дарыясы аркылуу өтүүчү транспорттук көпүрө | Көпүрөнүн узундугу-97,5м Туурасы-12м Көпүрөнүн бетинин туурасы-12м (транспорт кыймылынын тилкеси үчүн 7метр+0,5 метр кыймыл тилкеси эки тараптан жөө жүргүнчүлөр үчүн 2 метр Көпүрөнүн аралыгы-3Х30м баштапкы этапта жөнөкөй таянуучу андан соң үзгүлтүксүз конструкция Жогорку конструкция-алдын ала чыңалып бекемделген бетондон жасалган чакан устун элементи Төмөнкү конструкциясы-мамычалуу пайдубал, мамычалуу платформа, казыктуу пайдубал Тегиздик жана узундук кесилиши- эки тараптуу жантаюсу бар түз сызыктуу бөлүк: Горизонталдуу жантаю-2% вертикалдуу жантаю-0,81% | 183 443 000 сом | 183 423 000 сом | 20 000 сом | 0,1 % |
Жооптуу катчы А.Жапаралиева