Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМ
2025-жылдын 02-сентябры №10-6
Айыл аймагындагы мектеп окуучуларынын иштөөсүн көзөмөлгө алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 14-беренесине жана Т.Шамшиев атындагы “Көк-Жар” инновациялык билим берүү комплекси мекемесинин директорунун арызына негиз, айыл аймагындагы мектеп окуучуларынын иштөөсүн көзөмөлгө алуу боюнча мыйзамдуулук, билим берүү, ишкердүүлүк жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 14-беренесине ылайык, Эмгек мамилелеринин тараптары жана субъекттеринин түрлөрүнө жараша мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шамуратовго жүктөлсүн.
2.Мектеп окуучуларынын иштөөсүн көзөмөлгө алуу боюнча айыл аймагындагы бардык билим берүү мекемелерине билдирүү берилсин.
3.Ушул токтом Көк-Жар айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4.Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кенешинин Мыйзамдуулук, билим берүү, ишкердүүлүк жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |