Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМ
2025-жылдын 02-сентябры №10-7
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 11-августундагы №280 сандуу каты тууралуу
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 11-августундагы №280 сандуу катына негиз, “Беккари” чуңкурун казууга жер аянтын ажыратып берүү максатында, жер, айыл чарба, суу, жайыт, жараштылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1.“Беккари” чуңкуру үчүн Көк-Жар жайыт жеринин №208 жана № 260 -контурунда жайгашкан таштанды таштоочу жеринин астынкы тарабынан 0,30 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2.Иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Ушул токтом Көк-Жар айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4.Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |