Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2026-жылдын 16-марты №2/2
“Т.Балтагулов айыл аймагынын 2026-2029-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасына (СЭӨПко) толуктоолорду киргизүү жана Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоордун алкагында каржылоого сунушталган чакан долбоор жөнүндө”
Т.Балтагулов айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик салык кызматы, мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука району боюнча башкармалыгынын 2026-жылдын 23-февралында №01-04/55 сандуу катталган юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымды бюджетке өз убагында жана толук төлөнүшү үчүн айыл өкмөт башчыларына жана айылдык кеңешинин төрагаларына жолдогон билдирүүсүнө ылайык, жыйымдын ставкасынын өлчөмү менен бирге жыйымды төлөө жана эсептөөлөрдү тапшыруу мөөнөттөрүн аныктоо боюнча айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 16-мартындагы №01-6/29 сандуу сунушу боюнча айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн сунуштарын эске алып,
Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодексинин 75,76-беренелерине ылайык айыл аймагында таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасы төмөндөгүдөй бекитилсин.
-айыл аймагы боюнча жеке жана юридикалык жактар-ишкердик иши үчүн арналган имараттардын ээлери, анын ичинде курулушту же анын бир бөлүгүн ижарага берүүчүлөр үчүн ар бир жумушчуга бир ээсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
-мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган курулуштар үчүн ар бир жумушчуга бир эсептик көрсөткүч өлчөмүндө.
2. Калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым боюнча эсептөөлөрдү бекитилген форма боюнча берүү жана төлөө ар жылдын 1-апрелинен кечиктирилбестен жүргүзүлсүн.
3.Ушул токтом айыл өкмөттүн “alabuka.kg” веб-сайтында жарыялансын.
4.Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчөрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартип күчүнө кирет.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Хамракулов |