Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 19-майы №151
Суу-Башы айыл аймагында жазгы талаа иштерине даярдык, коомдук пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, көчө жарыгынын абалы тууралуу маселелерин кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын жана Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентине ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мансуровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл аймагында жазгы талаа иштерине даярдык, коомдук пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, көчө жарыгынын абалы тууралуу аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Суу-Башы айыл аймагында коомдук пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, көчө жарыктарын камсыз кылуу жагы, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мансуровго милдеттендирилсин.
3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарларына тапшырылсын.
Төрага |
К. Шакиров |