Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XIV СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 7-апрели № 14/11
Төлөк айылына аэронавигациялык жабдык орнотууга
макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин» 18-беренесинин 4-пунктунун негизинде айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбай уулунун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Айыл аймагынын аймагындагы Төлөк айылынын жогору жагындагы тоо кыркасында жайгашкан радиорелейлик станциясынын түштүк тарабындагы 3485 м бийиктиктеги координаты 41.865311о, 75.604764о жерге аэронавигациялык жабдык орнотууга 4 чарчы метр (0,04 га) болгон жер тилкесин «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасына ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жер аянтын бөлүп берүү жана келишим түзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбай уулуна милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы жер, жайыт, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш, трансорт жана экология, айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ч.Э. Бейшеев |