Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 19-майы №153
Суу-Башы айыл аймагынын калктуу конуштарын ичүүчү жана сугат суу менен камсыз кылуу маселелерин кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын жана Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентине ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мансуровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Калктуу конуштарды таза суу жана сугат суу менен камсыз кылуу боюнча аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Суу-Башы айыл аймагында элге үзгүлтүксүз таза сууну жеткирип туруу жана сугат суу менен камсыз кылуу жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мансуровго милдеттендирилсин.
3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
К. Шакиров |