Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XIV СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 7-апрели № 14/12
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимин түзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти менен Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимин түзүүгө макулдук берүүгө айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбай уулунун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти менен Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимин түзүүгө макулдук берилсин.
2. Айыл аймагынын айыл өкмөтүнө берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жооптуу кызматкерин эмгек келишимин (контракт) түзүү менен төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
- 1 штат - (жооптуу кызматкер - делегир)
Жалпы: 1 штат
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбай уулуна жана башкы бухгалтери Р. Калмамбетовага тапшырылсын.
Төрага | Ч.Э. Бейшеев |