Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XIV СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 7-апрели № 14/13
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-2030-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүсүүнүн стратегиялык программасын бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-бөлүкчөсүнө ылайык, 2026-2030-жылдары Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүнүн программасын бекитип берүү үчүн айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбай уулунун маалыматын угуп жана талкуулап, Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Сары-Булакайыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-2030-жылдарга карата Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүнүн программасы бекитилсин.
2. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-2030-жылдарга социалдык-экономикалык жактан өнүгүүнүн программасынын аткарылышын камсыз кылуу жагы Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбай уулуна тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ч.Э. Бейшеев |