Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМ
2025-жылдын 02-сентябры №10-9
Көк-Жар айылынын тургундарынын арызы тууралуу
Көк-Жар айылынын тургундарынын арызына негиз (кириш№01-13/22, 01.09.2025) айыл аймагындагы борбордук эс алуу багынын негизги жолунун боюнда жайгашкан тейлөө объекттерин, эс алуу багынын четки аймактарына жайгаштыруу максатында, мыйзамдуулук, билим берүү, ишкердүүлүк жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Көк-Жар айылынын тургундарынын арызы канааттандырылсын.
2.Борбордук эс алуу багынын негизги жолунда жайгашкан тейлөө объектери эс алуу багынын четки аймактарына жайгаштырылсын жана эс алуу багынын тазалыгын сактоо маселелери ижарачылардын келишимдеринде көрсөтүлүп, милдеттендирилсин.
3.Он сегиз жашка чейинки жаш өспүрүмдөргө сатылып жаткан зыяндуу продукцияларды чектөө, көзөмөлдөө жана тыюу салуу боюнча иштер жүргүзүлсүн.
4.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы А. Шамуратовго жүктөлсүн.
5.Ушул токтом Көк-Жар айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
6.Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7.Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
8.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, билим берүү, ишкердүүлүк жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |