Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XIV СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 7-апрели № 14/16
Муниципалдык жер аянтынын ижара акысын
бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренесине жана Сары-Булак айылдык кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнө ылайык, айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбай уулунун маалыматын угуп жана талкуулап, Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Булак айылынын күн батышынан Каракужур чоң суусунун түштүгүндөгү Бишкек-Нарын-Торугарт авто унаа жолунун түндүгүндөгү (коду 4-04-06-1006-0021) «Кемпинг» үчүн бөлүнүп, мамлекеттик каттоодон өткөн 0,30 га муниципалдык жер аянтынын ижара акысы 0,01 га (1 сотых) х 3 000 (үч миӊ) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жогорудагы муниципалдык жер аянтын жеринде карап, ижарага берүү жана келишим түзүү жагы Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбай уулуна тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ч.Э. Бейшеев |