Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМ
2025-жылдын 02-сентябры №10-10
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-сентябрындагы №264 сандуу каты тууралуу
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-сентябрындагы №264 сандуу катына негиз, “Кожо-Арык” жоопкерчилиги чектелген коомунан которулган акча каражатын жергиликтүү бюджеттин атайын эсебине отургузуу максатында, бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-сентябрындагы №264 сандуу катына негиз, “Кожо-Арык” жоопкерчилиги чектелген коомунан которулган акча каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетинин атайын эсебине отургузулсун.
2. “Кожо-Арык” жоопкерчилиги чектелген коомунан кезектеги жардам катары которулган 22 000 (жыйырма эки миң) сом акча каражаты Он Эки Бел айылындагы жолдун ремонттоо иштерине коротулсун.
3. Беренелерине коюп, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Ушул токтом Көк-Жар айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |