Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XIV СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 7-апрели № 14/16
Бөлүнгөн акча каражаттарды жылыштырууга
макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренесине жана Сары-Булак айылдык кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнө ылайык, айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбай уулунун маалыматын угуп жана талкуулап, Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетине атайын техника алууга каралган 1 004 500 (бир миллион төрт миң беш жүз) акча каражатынын
750 000 (жети жүз элүү миң) сому Ак-Кыя айылындагы «Наристе-Ак-Кыя» бала бакчасына кошумча оюн аянтчасын курууга жумшоо үчүн которулсун.
2. Сары-Булак айыл өкмөтүнө «Төлөк-Ак-Кыя» МИ аркылуу 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты которулсун жана ал акча каражаты Сары-Булак айылына ичүүчү таза суу чыгаруу үчүн тиешелүү кагаздарын жасатууга жумшалсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ч.Э. Бейшеев |