УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Уч-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги XVII чакырылышы
2026-жылдын 20-апрели № 01-06/18
Үч-Коргон айылдык кеңешинин 2026-жыл 28-январындагы №01-06/05 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен жактырылып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы №1977- III токтому менен бекитилген типтуу жобого ылайык, Кадамжай райондук прокуратурасынын 10.04.2026-жылдагы №26/148-07-11-6-00891 катына негиз, Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы кайра болуштуруу фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби туралуу комиссия курамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап чыгып, Үч-Коргон айылдык кеңеши токтом кылат:
- Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы кайра болуштуруу фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби туралуу ижарага берүү, тооруктарды өткөрүү, аукцион, конкурс, түз берүү ж.б.у.с. шарттарды бекитилген Типтүү жобого ылайык, айыл өкмөтүнүн алдында төмөнкүдөй комиссия курамы бекитилсин.
Төрага: Ү.Рустам уулу депутат.
Катчы: К.Кулбаева айыл өкмөтүнүн катчысы.
Мүчөлөрү: А.Насиров айыл өкмөт башчы.
И.Эргашев депутат
С.Каратаева депутат
Б.Исаков жер адиси.
А.Рахматуллаев ФЭБ башчы
А.Нурмаматов салык бөлүмү
А.Жолдошев Кадамжай райондук агрардык
өнүктүрүү департаментинин
башчысы (макулдугу менен).
- Комиссия курамына айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы кайра болуштуруу фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобого ылайык мыйзам чегинде иш алып баруу жагы тапшырылсын.
- Бул токтом Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн расмий uchkorgon.gov.kg. веб-сайтында жарыялансын.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Д.Ахуновага милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Агрардык жана айыл чарба” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.