Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 20-апрели № 01-06/19
2026-жылда Кадамжай райондук өнүктүрүү фондуна сунуш кылынып жаткан “Үч-Коргон айыл аймагындагы 11 айылга 200 даана электр мамычасын, СИП-2 кабель 500 мм2 - 2000 метр алуу боюнча долбооруна макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 2016-жылдын 16-майындагы №59 Мыйзамынын III глава 13-беренеси жана XVI глава 78-беренесине таянып, Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Коргон айыл аймагындагы 11 айылга 200 даана электр мамычасын, СИП-2 кабель 500 мм2 - 2000 метр алууүчүн Кадамжай райондук өнүктүрүү фондуна даярдалгандолбоорго Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары жалпы 475 000 (төрт жүз жетмиш беш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтү башчысы А.Насировго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн расмий uchkorgon.gov.kg. веб-сайтында жарыялансын.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Д.Ахуновага милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Финанс жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
Б.Бердибеков |