Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 20-апрели № 01-06/20
Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарына 30% үстөк акы төлөп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндөгү” Жарлыгынын 4-бөлүгү жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августу №433 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Мыйзамына таянып, Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарына 2026-жылдын 1-апрелинен тартып, 30% үстөк төлөм, жергиликтүү бюджеттен мыйзам чегинде кошуп төлөп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтү башчысы А.Насировго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн расмий uchkorgon.gov.kg. веб-сайтында жарыялансын.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Д.Ахуновага милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Финанс жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
Б.Бердибеков |