Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 20-апрели № 01-06/22
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында курулуп жаткан Каримберди каналынын курулушуна бөлүнүүчү 3,75 га жер аянтын, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан, “Суу фондунун жерлери” категориясына которууга (трансформацияга) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 2025-жыл 18-июль №149 Мыйзамынын I- глава 13-21-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-декабрындагы №12 “Инвестицияларды колдоо маселелелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамына негиз, Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында курулуп жаткан Каримберди каналынын курулушуна бөлүнүүчү 3,75 га жер аянтын, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан, “Суу фондунун жерлери” категориясына которууга (трансформацияга) макулдук берилсин. (Экспликация тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
3. Бул токтом Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн расмий uchkorgon.gov.kg. веб-сайтында жарыялансын.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Д.Ахуновага милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин агрардык жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
Б.Бердибеков |
Үч-Коргон айыл кеңешинин
2026-жылдын 20-апрелындагы №01-06/21 токтомуна тиркеме
Үч-Коргон айыл аймагынын Күнгөй участкасындагы №53 контурундагы 0.10 га жайыт жер, №54 контурундагы 0.10 га жайыт жер, №55 контурундагы 0.04 га жайыт жер, №56 контурундагы 0.30га сугат айдоо жер, №57 контурундагы 0.24 га жайыт жер, №60 контурундагы 0,02 га сугат айдоо жер, №61 контурундагы 0.01 га сугат айдоо жер, №1 контурундагы 0.02 га жайыт жер, №2 контурундагы 2,92 га сугат айдоо жер жалпы 3,75 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Суу фондунун жерлери” категориясына которуу боюнча түзүлгөн
ЭКСПЛИКАЦИЯСЫ
Район | Айыл өкмөтү | Айыл чарба багытындагы жердин түрү | Которулуучу жер аянтынын категориясы | |||
Кадамжай |
Үч-Коргон | Сугат айдоо | Жайыт |
Суу фондунун жерлери
| ||
Контур № | Аянты (га) | Контур № | Аянты (га) | |||
56 60 61 2 | 0,30 0,02 0,01 2,92 | 53 54 55 57 1 | 0,10 0,10 0,04 0,24 0,02 | |||
Жалпы | 3,25 га |
| 0,50 га | 3,75 га | ||
Катчы: Д.Ахунова