Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 20-апрели № 01-06/23
Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Боз айылында жайгашкан ОсОО “НЦП Тянь Шань” ишканасына баруучу жолго ысым ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 34, 39-беренесинин жетекчиликке алып, Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Боз айылында жайгашкан ОсОО “НЦП Тянь Шань” ишканасына баруучу жолго “Надиров Эрмамат” ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун тиешелүү иш-кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтом Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн расмий uchkorgon.gov.kg. веб-сайтында жарыялансын.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Д.Ахуновага милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Социалдык” маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
Б.Бердибеков |