УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Уч-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги XVII чакырылышы
2026-жылдын 25-майы № 01-06/24
Үч-Коргон айыл аймагынын тургуну Тешебаева Надирабону Хасанжановнага Үч-Коргон айыл аймагынын Белас участкасынан өздөштүрүү үчүн жер тилкесин ажратып берүү жөнүндө
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 14-майындагы Чыгыш №01-05/1421 катына жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 2008-жылдын 17-июну №306 Токтомуна жана КРнын Жер Кодексинин 21-беренесине ылайык, Үч-Коргон айылдык кеңеши токтом кылат:
- Үч-Коргон айыл аймагынын тургуну Тешебаева Надирабону ХасанжановнагаҮч-Коргон айыл аймагындагыБелас участкасында жайгашкан (контуры 1617, 343) жайыт жеринен жалпы 2,0 га жер аянты өздөштүрүүгө макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
- Бул токтом Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн расмий uchkorgon.gov.kg. веб-сайтында жарыялансын.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Д.Ахуновага милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагын айыл чарба жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.