Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 25-майы № 01-06/26
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында курулуп жаткан “Кай Интерпрайз Плюс” ЖЧКсы алтын ылгоочу фабрика курулушуна бөлүнүүчү 16 га жер аянтын өнөр жай багытындагы жерлери категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 2025-жыл 18-июль №149 Мыйзамынын I- глава 13-21-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-декабрындагы №12 “Инвестицияларды колдоо маселелелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамына негиз, Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында курулуп жаткан “Кай Интерпрайз Плюс” ЖЧКсы алтын ылгоочу фабрика курулушуна бөлүнүүчү 16 га жер аянтын өнөр жай багытындагы жерлери категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин. (Экспликация тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
3. Бул токтом Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн расмий uchkorgon.gov.kg. веб-сайтында жарыялансын.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Д.Ахуновага милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин агрардык жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
Б.Бердибеков |
Үч-Коргон айыл кеңешинин
2026-жылдын 25-майындагы №01-06/26 токтомуна тиркеме
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн (мурдагы “Достук” колхозунун) №14182 контурундагы 16,57 га жайыт жер, №332 контурундагы 0.04 га жайыт жер, №327 контурундагы 0.01 га жайыт жер, №349 контурундагы 12,27га жайыт жер, №354 контурундагы 3,98 га жайыт жер, №351 контурундагы 0,27 га башка жерлер, жайыт жер жалпы 16,57 га жер аянтын “Өнөр жай багытындагы жерлер” категориясына которуу боюнча түзүлгөн
ЭКСПЛИКАЦИЯСЫ
Район | Айыл өкмөтү | Айыл чарба багытындагы жердин түрү | Которулуучу жер аянтынын категориясы | |||
Кадамжай |
Үч-Коргон | Башка жерлер | Жайыт |
Өнөр жай багытындагы жерлери
| ||
Контур № | Аянты (га) | Контур № | Аянты (га) | |||
351 | 0,27 | 332 327 349 354 | 0,04 0,01 12,27 3,98 | |||
Жалпы | 0,27 |
| 16,3 | 16,57 га | ||
Катчы: Д.Ахунова