Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
05-март 2026-жыл №29-18/1
Ысык-Кѳл областынын ички иштер кызматкерлери ʏчʏн ведомстволук кѳп батирлʏʏ турак жай куруп берʏʏ ʏчʏн жер тилкесин бѳлʏп берʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын муниципалдык мʏлк башкармалыгынын башчысы Э.О.Исаевдин, 2026-жылдын 15-январындагы, чыг:№01-11/21,катын карап жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.Э.Исаковдун жер тилкесин бѳлʏп берʏʏ жѳнʏндѳгʏ маалыматын талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын XVIII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын мэриясы, Каракол шаарынын Жакыпов көчөсүндөгү №н/ж дарегинде жайгашкан, (код ЕНИ 2-01-03-0122-0116) аянты 0,45 га жер тилкесин Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык ички иштер башкармалыгына ведомстволук көп батирлүү турак жайдын курулушу ʏчʏн бөлүп берсин.
2. С-1 зонасынын (аянттары кенен, саламаттыкты сактоо, агартуу, илим, физкультура жана спорттук обьектилери бар зонасы) зонасынан уруксаат берилген кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун негизги тʏрлѳрʏнʏн тизмегине, тѳмѳнкʏ ѳзгѳртʏʏ киргизилсин: Каракол шаары, Жакыпов №н/ж дарегинде жайгашкан, аянты 0,45 га жер тилкеси, Ц-1 (шаардын борборунун коомдук, иштиктʏʏ жана коммерциялык активдʏʏлʏк зонасы) зонасына которулсун.
3. Ысык-Кѳл регионалдык шаар куру жана архитектура башкармалыгы:
-жогорудагы ѳзгѳртʏʏнʏ Каракол шаарында курулуш жана жерди пайдалануу Эрежелерине киргизсин;
-токтомдо кѳрсѳтʏлгѳн объекттин максаттуу пайдаланылышын камсыз
кылсын.
4. Каракол шаарынын мэриясы бардык укук белгилѳѳчʏ документтерди даярдап Ысык-Кѳл областынын ички иштер башкармалыгына тапшырсын.
5. Эгерде, 3 жылдын ичинде курулушу башталбаса, берилген жер тилкеси, бир тараптуу тартипте, Каракол шаарынын муниципалдык менчигине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугуна ылайык алынып, бул токтом күчүн жоготту деп табылат.
6. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
7. Токтом ММКларда жарыялансын.
8. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи-вице мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳрага Таштанбек уулу С.