Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
05-март 2026-жыл №29-18/3
Каракол шаарынын 2026-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жана
2027-2028-жылдарга болжол жөнүндө
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.Э.Исаковдун, 2026-жылдын 13-январындагы, чыг:№01-17-83 катын жана Каракол шаардык финансы башкармалыгынын башчысы Ч.Абдиеванын,экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы Ж.А.Тʏлѳжановдун, «Каракол шаарынын 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2027-2028- жылдарга болжол жөнүндө» докладдарын угуп жана талкуулап, Каракол шаардык Кеңешинин сессиясы, Каракол шаарынын мэриясы жана Каракол шаардык Кеңеши тарабынан, Каракол шаарынын 2026-жылга карата бюджетти түзүү боюнча бир топ иштер жүргүзүлгөндүгүн белгилейт. 2026-жылга бюджеттин долбоорун түзүү процессинде, анын негизи катары, Кыргыз Республикасынын каржы Министрлигинин кирешелер жана чыгашалар боюнча такталган көрсөткүчтөрү, шаардын социалдык-маданий мекемелеринин ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн керектеле турган бюджеттик каражаттардын эсептери эске алынгандыгы белгиленет.
Каракол шаарынын 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоорун талкуулоодо, баардык чарба жүргүзгөн субъектерге, каржы жана салык органдарына төмөнкү милдеттер коюлган: индикативдүү планды аткаруу, өнөр-жай өндүрүшүнүн өсүү темптерин жогорулатуу, жергиликтүү бюджетти сапаттуу аткаруу.
2026-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун баардык органдары үчүн башкы милдет катары, социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен, каржылык-экономикалык абалды жакшыртуу. Ошону менен бирге, бюджеттик саясаттын негизги багыты болуп, бюджеттин абалын турукташтыруу, анын таңсыктыгын, кирешелерди максималдуу түрдө мобилизациялоо аркылуу төмөндөтүү, чектелген каржы булактарын рационалдуу бөлүштүрүү, аларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, Каракол шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын сунуштарын эске алуу менен Каракол шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын XVIII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын 2026-жылга жергиликтүү бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 672 888,3 миң сом ѳлчѳмʏндѳ №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Каракол шаарынын 2027-жылга негизги болжолдорунун параметрлери 754 110,3 миң сом, 2028-жылга 844 284,3 миң сом суммасында жактырылсын. 2027-2028-жылдарга карата жактырылган болжолдун параметрлери, кабыл алуунун ар бир конкреттүү учурунда, тактоого тийиштүү.
3. Кирешелер салыгынын жана сатык салыгынын чегерүү ченемдери, №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин карамагындагы мекемелердин кызматкерлеринин акы төлөө фонду, №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Бюджеттик уюмдардын жана мекемелердин 2026-жылга чыгымдары бюджеттик каражаттар боюнча пландарынын көлөмдөрү 637636,3 миң сом ѳлчѳмʏндѳ, атайы каражаттар боюнча 35252,0 миң сом ѳлчѳмʏндѳ №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. 2025-жылдагы жергиликтүү бюджеттен каржыланбай калган чыгымдарды, 2026-жылдын бюджетинде каралган ассигнованиелердин чегинде жүргүзүлсүн.
7. 2026-жылга, чыгымдардын каржыланышы иш жʏзʏндѳ тʏшкѳн кирешелердин ченеминде болоору белгиленсин. Биринчи кезекте, корголгон беренелер (айлык акы, социалдык фонддго чегерʏʏлѳр, тамактануу, дары-дармектер жана коммуналдык чыгымдар) каржылансын. Каражаттарды чыгымдоо жана чыгымдардын беренелерин максаттуу пайдалануу ʏчʏн жоопкерчилик, бюджеттик мекемелердин жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерине жʏктѳлѳт.
8. Бюджетти аткаруу процессинде, финансылык башкармалыгы, тиешелʏʏ Каракол шаардык Кенешинин профилдик туруктуу комиссияларынын макулдугу жана корутундусу менен, бюджеттик мекемелердин жана ишканалардын бюджеттик чыгымдары боюнча, ѳзгѳртʏʏлѳрдʏ киргизʏʏгѳ укуктуу.
9. Каракол шаарынын мэриясынын ММБси жана “Каракол шаарынын муниципалдык базарлар” муниципалдык ишканасы Каракол шаарынын жергиликтʏʏ бюджетинин салыктык эмес кирешелер боюнча планынын аткарылышын камсыз кылсын.
10. Каракол шаарынын мэриясы, жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн сапаттуу аткаруу боюнча чараларды көрсүн жана 2026-жылы шаардык бюджеттин чыгымдарын каржылоону, биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (айлык акылар, социалдык фондго чегерүүлөр, тамактануу, жеңилдетилген категориядагы атуулдарга төлөмдөр, коммуналдык кызматтарга) жүргүзсүн.
11. Шаардын мэриясы, бюджеттик мекемелердин коммуналдык кызматтарына кошумча акча каражаттарды, болгон чыгашалар боюнча бөлүп берсин.
12. Казына аркылуу өткөрбөстөн атайын каражаттарды пайдаланууга тыйуу салынсын. Бул тартип бузулса, атайы каражаттардын 100% бюджетке кириштелет.
13. Жергиликтүү бюджеттин жүгүрүүчү кассадагы накталай каражаттардын көлөмү, 100,0 миң сом ѳлчѳмʏндѳ бекитилсин.
14. Каракол шаарынын мэриясынын резервдик фондусунун көлөмү7000,0 сом ѳлчѳмʏндѳ бекитилсин.
15. Дем берүүчү гранттарды каржылоо үчүн каралган акча каражаттар, 27000,0 миң сом ѳлчѳмʏндѳ бекитилсин жана бөлүнүп берилсин.
16. Кыргыз Республикасынын Президентинин, 2022-жылдын 1-августундагы, ПЖ№266 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы тѳлѳѳ шарттары жѳнʏндѳ” Жарлыгынын 4 пунктунун жана Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин негизинде, кызматкерлерди шыктандыруу максатында, баардык муниципалдык кызматкерлердин, кенже тейлѳѳ жана техникалык тейлѳѳ кызматкерлеринин айлыктарына 50% ʏстѳктѳр бекитилсин: