Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
05-март 2026-жыл №29-18/4
Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2025-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча, 2026-жылдын башындагы эркин калдыктын акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө
Каракол шаарынын финансы башкармалыгынын башчысы Ч.Б.Абдиеванын, “Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2025-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча, 2026-жылдын башындагы эркин калдыктын эсебинен акча каражаттарын бөлүштүрүү” жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Каракол шаардык Кеңешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын XVIII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2026-жылдын башындагы эркин калдыктын, 2025-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча 44867,1 (кырк тѳрт миллион сегиз жʏз алтымыш жети миң бир жʏз) сом ѳлчѳмʏндѳ, анын ичинен бюджеттик каражаттар 35 388,8(отуз беш миллион ʏч жʏз сексен сегиз миң сегиз жʏз) сом ѳлчѳмʏндѳ, жана атайын каражаттар 9478,3(тогуз миллион тѳрт жʏз жетимиш сегиз миң ʏч жʏз) сом ѳлчѳмʏндѳ бекитилсин.
2. Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2026-жылдын башындагы эркин калдыгы, 2025-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча бөлүштүрүү, №1тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Каракол шаардык финансы башкармалыгы, 2026-жылдын башындагы бюджеттик каражаттардын эркин калдыгын каржылоону, бекитилген бөлүштүрүүгө ылайык, мекемелердин чыгаша сметаларына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү менен жүргүзсүн.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлсүн.
Тѳрага Таштанбек уулу С.