Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 8-апрели № 6/25
«Ак Таш» кенин иштеткен жоопкерчилиги чектелген коомдорунан берилүүчү соц пакеттерди бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 20-октябрь 2021-жылдагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбай уулунун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Айыл аймагынын аймагында «Ак Таш» кенин иштеткен “Кыргыз-Ак-Таш”, “Доломит”, “Дордой-Ак-Таш”, “Аист Групп” жоопкерчилиги чектелген коомдорунан берилүүчү күйүүчү майдын көлөмү ар бир кен казуучуга 1,5 (бир жарым) тонна жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө соц.пакеттин өлчөмү ар бир кен казуучуга 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражаттарды “Төлөк-Ак-Кыя” муниципалдык ишкананын эсеп счетуна которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча ишин уюштуруу жана алып барууну бекитилген токтомдун негизинде камсыз кылышсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага |
Ч. Бейшеев |