Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 8-апрели № 6/26
Бош калган жана жергиликтүү бюджеттен пайдаланбай калган
акча каражаттарды кайра бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин
2-бөлүгүнө жана Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин регламентинин
2-бөлүмүнүн 2-бөлүмчөсүнө ылайык, бюджеттик туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетин аткарууда 01.01.2025-жылга карата бош калган каражаттан каралган 3112 беренесиндеги 187,5 сом, бала бакчадагы 2222 беренесиндеги 17,0 сом, бюджеттен каралган 3112 беренесиндеги 40,0 сом, 2212 беренесиндеги 12,0 сом акча каражаттары кайра төмөндөгүдөй бөлүнүштө бекитилсин:
| 2212 | 2222 | 3112 |
Аппарат |
|
| +256,5 |
Бала бакча | -12,0 | -17,0 |
|
Мектеп |
|
| -187,5 |
Клуб |
|
| -40,0 |
2. Бош калган акча каражаттан жана бюджеттен каралган акча каражаттарды төмөндөгүдөй каржылап берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кочкор финансы башкармалыгынан суралсын.
3. Бул каражаттын максаттуу чыгымдалышын Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбай уулуна жана финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Р. Калмамбетовага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика жана бюджеттик туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Бала бакчалардын атайын каражаттагы тамак-ашы үчүн каралган акча каражатка жарыяланган тендерге эч бир катышуучу катышпагандыктан бала бакчаларды тамак-аш менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында бала бакча башчыларынын билдирүүсүнүн негизинде жеке ишкер Р. Калмамбетова менен келишим түзүлсүн.
Төрага |
Ч. Бейшеев |