Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 8-апрели № 6/27
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планын иштеп чыгуу тартиби жөнүндө Типтүү жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренесине жана Сары-Булак айылдык кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнө ылайык, айыл өкмөтүнө караштуу «Төлөк-Ак-Кыя» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т. Абдыкеримовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мамлекеттик жайыт жерлерин сактоо, жакшыртуу, өнүктүрүү жана алардын продуктуулугун жогорулатуу максатында Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планын иштеп чыгуу тартиби жөнүндө Типтүү жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген Типтүү жобону жетекчиликке алуу менен иш алып баруу жагы «Төлөк-Ак-Кыя» муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш, айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Ч. Бейшеев |