Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 8-апрели № 6/28
Төлөк айылындагы “Бучук”, “Көк-Тай” участкасындагы
БСРлерди өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренесине жана Сары-Булак айылдык кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 2.2-бөлүмчөсүнө ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер ресурстары, турак-жай, коммуналдык маселелер, муниципалдык менчик, агрардык жана айыл чарбасы маселелери боюнча жетектөөчү адисиЖ. Өзүбековдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Сары-Булак айыл аймагына караштуу Төлөк айылындагы “Бучук”, “Көк-Тай” участкасындагы БСРлер Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай Министрлигинин Суу ресурстары кызматы мамлекеттик мекемесинин балансасына өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай Министрлигинин Суу ресурстары кызматы мамлекеттик мекемесинин балансасына өткөрүү жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш, айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Ч. Бейшеев |