Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 8-апрели № 6/29
Жер аянтарынын ижара акыларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренесине жана Сары-Булак айылдык кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнө ылайык, айыл өкмөтүнүн жер ресурстары, турак-жай, коммуналдык маселелер, муниципалдык менчик, агрардык жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси Ж. Өзүбековдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айыл аймагынын аймагындагы Сары-Булак айылында жайгашкан соода сатык менен алектенген ишкерлердин күркөлөрүнүн (вагондорунун) алдындагы муниципалдык жер аянтына ижара акысы айына 5000 (беш миӊ) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Жергиликтүү тургундарга Соӊ-Көл жайлоосуна боз үй тигип, турист тосууга бөлүнгөн жер аянтынын боз үй ордуна 5000 (беш миӊ) сомдон бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы
М. Асанбай уулуна тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Ч. Бейшеев |