Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 8-апрели № 6/30
Жер аянтын убактылуу ижарага берүүгө
макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренесине жана Сары-Булак айылдык кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнө ылайык, айыл өкмөтүнүн жер ресурстары, турак-жай, коммуналдык маселелер, муниципалдык менчик, агрардык жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси Ж. Өзүбековдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жашылдандыруу, көрктөндүрүү максатында Сары-Булак айылындагы мектептин түндүгүндөгү Каракужур чоң суусунун жээгинен 0,40 га жерди 1 сотых жер аянтын 10 сом өлчөмүндө 5 жылга убактылуу ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун негизинде Кыргыз Республикасыныны мыйзамдарына ылайык келишим түзүп, өткөрүп берүү жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш, айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Ч. Бейшеев |